• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Статистика: Бүгүн дагы 83 адамдан COVID-19 жаңы табылып, бир адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 83 адамдан табылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 33 адамдан, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда - 5, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 17, Ысык-Көл облусунда – 17, Баткен облусунда – 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 165 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 55, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 44, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 16, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда 4 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 360 жаран көз жумган. Бир күндө Ысык-Көл облусунда бир адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 955 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 424 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медик коронавирус жуктуруп алды. Үй карантининен 4, стационардан 1 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 123 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 943 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 81 миң 388 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 76 миң 728 киши айыгып чыкса, 1 миң 360 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий