• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Статистика: Бүгүн дагы 88 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 88 адамдан табылып, бейтап адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 33 адамдан, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда – 28, Ош облусунда – 8, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Талас облусунда – 2, Жалал - Абад облусунда – 2 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 110 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 50, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 22, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда - 1 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 420 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир жана Баткен облусунда бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 511 бейтап, амбулатордук түрдө 608 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Ал эми суткада стационардан - 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 180 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 99 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 84 миң 920 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 81 миң 440 киши айыгып чыкса, 1 миң 420 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий