• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Статистика: Бүгүн дагы 91 адамдан COVID-19 жаңы табылып, бир адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 03.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда 3-январь саат 11:00гө карата бир суткада коронавирус 91 адамдан табылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 34 адамдан, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 37, Ош облусунда - 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 6, Баткен облусунда – 3 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 212 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 74, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 55, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 21, Баткен облусунда 5 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 359 жаран көз жумган. Бир күндө Бишкек шаарында бир адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 980 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 485 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медиктер арасында коронавирус жуккан учур катталган жок. Үй карантининен 2, стационардан 4 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 120 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 938 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 81 миң 305 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 76 миң 563 киши айыгып чыкса, 1 миң 359 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий