• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Статистика: Бүгүн дагы 93 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 23.01.21./Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 93 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 37 адамдан, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда – 29, Ош облусунда - 4, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 21, Талас облусунда – 2, Жалал - Абад облусунда - 6, Баткен облусунда - 2 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 108 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 38, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 35, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 23, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда - 3 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 398 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Чүй облусунда – бир, Ысык-Көл облусунда – бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 689 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 6 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Үй карантининен 1, стационардан 1 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 164 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 72 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 83 миң 796 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 79 миң 772 киши айыгып чыкса, 1 миң 398 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий