• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Статистика: Бүгүн дагы 97 адамдан COVID-19 табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 97 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 42 адамдан, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда – 40, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 6, Талас облусунда – 2, Жалал - Абад облусунда - 2, Баткен облусунда - 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 157 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 61, Чүй облусунда – 55, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда - 4 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 402 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 643 бейтап, амбулатордук түрдө 907 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Үй карантининен 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 168 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 77 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 84 миң 68 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 80 миң 182 киши айыгып чыкса, 1 миң 402 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий