• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Статистика: Бир суткада 1198 адамдан COVID-19 табылып, 9 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 7-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 198 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, анын ичинде Бишкек шаарында – 717, Ош шаарында – 60, Чүй облусунда – 142, Ош облусунда – 75, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 20, Ысык-Көл облусунда – 39, Жалал-Абад облусунда – 53, Баткен облусунда – 88 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 781 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 358, Ош шаарында – 73, Чүй облусунда – 99, Ош облусунда – 94, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 27, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 62, Баткен облусунда – 31 бейтап айыкты", - дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 4, Чүй облусунда 2, Баткен облусунда 2 жана Жалал-Абад облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 253 бейтап, амбулатордук түрдө 12 315 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 38 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бир суткада стационардан 11, үй карантинден 18 медициналык кызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 5 миң 682 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 32 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 134 миң 501 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 114 миң 756 киши айыгып чыкса, 2 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий