• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Статистика: Бир суткада 191 адамдан COVID-19 табылып, 6 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 24-майга карата коронавирус дагы 191 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 121, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 28, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 308 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 224, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 64, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 4 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1, Талас облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 571 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 228 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1062 бейтаптын абалы орто оордукта, 411 адамдын абалы оор жана 81 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 595 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 532 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 102 миң 702 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 96 миң 119 киши айыгып чыкса, 1 миң 757 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий