• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Статистика: Бир суткада 196 адамдан COVID-19 табылып, төрт бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 27-августка карата коронавирус дагы 196 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 65, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 33, Ош облусу – 7, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 36, Жалал-Абад облусунда – 26, Баткен облусу - 12 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 386 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 184 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 481 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 9 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 168 миң 398 киши айыгып чыкса, 2 миң 507 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий