• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Статистика: Бир суткада 224 адамдан COVID-19 табылып, 8 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 16.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 16-майга карата коронавирус дагы 224 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 150, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 41, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 300 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 192, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 74, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусунда - 1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда - 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 733 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 427 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 183 бейтаптын абалы орто оордукта, 433 адамдын абалы оор жана 95 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 546 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 473 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 100 миң 473 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 93 миң 602 киши айыгып чыкса, 1 миң 703 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий