• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Статистика: Бир суткада 234 адамдан COVID-19 табылып, 7 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 18-майга карата коронавирус дагы 234 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте – 112, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 81, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда - 3 адамдан илдет табылган.

Рахматуллаев белгилегендей, бир сутка ичинде 282 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 187, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 61, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 1, бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 605 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 465 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 191 бейтаптын абалы орто оордукта, 413 адамдын абалы оор жана 86 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 555 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 490 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп кошумчалады министрдин орун басары.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 100 миң 966 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 94 миң 168 киши айыгып чыкса, 1 миң 718 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий