• 80.18
  • 78.67
  • 1.34

Статистика: Бир суткада 29 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

1185 кароо COVID - 19 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда 17-декабрга карата коронавирус дагы 29 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 16, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 7, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 39 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 303 бейтап, амбулатордук түрдө 348 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 123 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 205 киши айыгып чыкса, 2 миң 779 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий