• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Статистика: Бир суткада 308 адамдан COVID-19 табылып, 8 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 22.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 22-майга карата коронавирус дагы 308 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 164, Ош шаарында – 12, Чүй облусунда – 76, Ош облусунда – 11, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 19, Жалал-Абад облусунда – 13, Баткен облусунда - 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 332 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 181, Чүй облусунда – 101, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 34, Жалал-Абад облусунда – 6 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 6, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда - 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 521 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 449 адам дарыланууда. Алардын ичинен 994 бейтаптын абалы орто оордукта, 445 адамдын абалы оор жана 73 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 584 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 521 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 102 миң 186 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 95 миң 446 киши айыгып чыкса, 1 миң 743 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий