• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Статистика: Бир суткада 362 адамдан COVID-19 табылып, 5 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 7-июнга карата коронавирус дагы 362 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 209, Ош шаарында – 39, Чүй облусу – 30, Ош облусу – 30, Талас облусу – 3, Нарын облусу – 7, Ысык-Көл облусу – 16, Жалал-Абад облусу – 19, Баткен облусу – 9 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 275 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 187, Ош шаарында – 18, Чүй облусу – 50, Ош облусу – 5, Ысык-Көл облусу – 6, Жалал-Абад облусу – 9 киши айыкты", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 767 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 958 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 129 бейтаптын абалы орто оордукта, 493 адамдын абалы оор жана 109 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 756 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 624 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 107 миң 335 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 100 миң 722 киши айыгып чыкса, 1 миң 852 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий