• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Статистика: Бир суткада 379 адамдан COVID-19 табылып, 7 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 8-июнга карата коронавирус дагы 379 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте – 149, Ош шаарында – 50, Чүй облусунда – 96, Ош облусунда – 32, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда 9 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир сутка ичинде 311 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 153, Ош шаарында – 15, Чүй облусунда – 81, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 32, Жалал-Абад облусунда – 16, Баткен облусунда – 5 адам сакайды", - деди министрдин орун басары.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 7 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 765 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 16 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 137 бейтаптын абалы орто оордукта, 496 адамдын абалы оор жана 99 бейтап өтө оор абалда жатат

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми сутка ичинде стационардан 6, үй карантининен 8 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 766 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 638 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 107 миң 714 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 101 миң 33 киши айыгып чыкса, 1 миң 859 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий