• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Статистика: Бир суткада 514 адамдан COVID-19 табылып, 6 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 15-июнга карата коронавирус дагы 514 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында – 234, Ош шаарында – 110, Чүй облусу – 80, Ош облусу – 34, Талас облусу – 5, Нарын облусу – 7, Ысык-Көл облусу – 14, Жалал-Абад облусу – 13, Баткен облусу – 17 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 367 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 188, Ош шаарында – 40, Чүй облусу – 62, Ош облусу – 22, Талас облусу – 2, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусу – 25, Жалал-Абад облусу – 20, Баткен облусу – 3 адам", - дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 52 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 80 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 367 бейтаптын абалы орто оордукта, 563 адамдын абалы оор жана 100 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 920 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 691 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 111 миң 343 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 103 миң 257 киши айыгып чыкса, 1 миң 905 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий