• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Статистика: Бир суткада 558 адамдан COVID-19 табылып, 9 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 13.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 13-июнга карата коронавирус дагы 558 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 231, Ош шаарында – 77, Чүй облусу – 57, Ош облусу – 78, Талас облусу – 9, Нарын облусу – 13, Ысык-Көл облусу – 15, Жалал-Абад облусу – 55, Баткен облусу – 23 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 319 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 178, Ош шаарында – 18, Чүй облусу – 66, Ош облусу – 17, Нарын облусу – 6, Ысык-Көл облусу – 19, Жалал-Абад облусу – 12, Баткен облусу – 3 адам", - деп айтылат билдирүүдө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 976 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 820 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 292 бейтаптын абалы орто оордукта, 579 адамдын абалы оор жана 85 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 29 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 886 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 674 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 110 миң 370 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 102 миң 633 киши айыгып чыкса, 1 миң 890 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий