• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Статистика: Бир суткада 58 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 20-сентябрга карата коронавирус 58 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 36, Чүй облусунда – 6, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 5 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 72 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 591 бейтап, амбулатордук түрдө 868 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 780 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 261 киши айыгып чыкса, 2 миң 590 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий