• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Статистика: Бир суткада 63 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда 7-декабрга карата коронавирус дагы 63 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 21, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 24, Ош облусу – 4, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 6 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 59 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 350 бейтап, амбулатордук түрдө 407 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 712 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 710 киши айыгып чыкса, 2 миң 762 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий