• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Статистика: Бир суткада 822 адамдан COVID-19 табылып, 5 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 24-июнга карата коронавирус дагы 822 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 300, Ош шаарында – 70, Чүй облусунда – 207, Ош облусунда – 93, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 80, Баткен облусунда – 42 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 475 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 183, Ош шаарында – 118, Чүй облусунда – 54, Ош облусунда – 70, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда – 16 адам", - деп айтылат билдирүүдө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 1, Ош шаарында – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 604 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 626 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 664 бейтаптын абалы орто оордукта, 801 адамдын абалы оор жана 100 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 21 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 208 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 807 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 118 миң 106 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 106 миң 858 киши айыгып чыкса, 1 миң 958 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий