• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Статистика: Дагы 283 адамдан COVID-19 табылып, 7 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 28-майга карата коронавирус дагы 283 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 169, Ош шаарында – 15, Чүй облусунда – 35, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 26, Жалал-Абад облусунда – 15, Баткен облусу – 6 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 391 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 278, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 68, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусу – 11, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абадда – 3 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1, Талас облусунда – 1, Ош шаарында – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 658 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 854 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1126 бейтаптын абалы орто оордукта, 422 адамдын абалы оор жана 90 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 637 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 560 медкызматкер айыккан.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 103 миң 866 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 97 миң 542 киши айыгып чыкса, 1 миң 788 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий