• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Статистика: Январда коронавирус жуккандардын саны 3,9 эсеге төмөндөдү

COVID - 19 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Январь айында коронавирус менен ооругандардын саны 2020 жылдын декабрына салыштырмалуу 3,9 эсеге төмөндөдү. Бул тууралуу КР Улуттук статистика комитети билдирет.

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча, үстүбүздөгү жылдын январында жалпы республика боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган 3 миңге жакын учур катталган.

Аймактар боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандардын саны

(учурлар)

Нет описания.

Үстүбүздөгү жылдын январында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу калктын 100 миңине алганда коронавирус инфекциясы менен оорулардын саны 3,9 эсеге төмөндөдү.

Калктын 100 миңине алганда коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандардын саны

Нет описания.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 619 адамга коронавирус жуккан. Алардын ичинен 82 миң 452 киши айыгып чыкса, 1 миң 446 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий