• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Статистика: казакстандыктар тамак-ашка көп каражат жумшай башташты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Казакстанда байлар менен кедейлердин ортосундагы азык-түлүк колдонуу боюнча айрымачылык баалар жогорулап жаткан учурга туш келүүдө. Ranking.kz. сайтында жарыяланган иликтөөгө караганда, өлкөдө баалардын жогорулашы, реалдуу кирешелердин төмөндөшү менен жакырчылыкта жашаган үй-бүлөлөр аз тамактанууга мажбур болушууда.

2017-жылдын биринчи чейрегинде казакстандык үй-бүлөлөр жалпы керектелүүчү чыгымдардын 45,9 пайызын азык-түлүк сатып алууга жумшашкан. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айында 44,4 пайыз болгон. Талдоочулардын баамында, бул акыркы беш жылдагы эң жогорку көрсөткүч.

Иликтөөнүн авторлору 2015-жылдан бери азык-түлүк чыгымдары өсүп жатканын баса белгилешүүдө.

2016-жылдын биринчи чейрегинде колунда бар калктын 10 пайызы аз камсыз казакстандыктардын 10 пайызына караганда эки жарым эсеге көбүрөөк азык-түлүк колдонушкан. Иликтөөгө ылайык, бул ажырым быйыл (январдан мартка чейин) 8 пайызга жогорулаган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий