• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Статистика комитети: Эл каттоо 2021-жылга жылдырылды

Коом 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Эл жана турак жай фондун каттоо 2021-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Эскертке кетсек, быйыл эл каттоону жаз айларында өткөрүү пландалып, бирок коронавируска байланыштуу эл каттоо жүргүзүүнү токтотуп турууга туура келген.

Андан кийин каттоону июль айында өткөрүү пландалып, коронавирус күчөп кеткендиктен эл каттоо кайра жылдырылган.

“Белгилүү болгондой, эл каттоо электрондук форматта жүргүзүлүп, каттоочулар мобилдик тиркеменин жардамы менен маалыматтарды топтошот. Киргизилген маалыматтардын сапатын текшерүү жана контролдоо максатында инструктор-контролерлор үчүн окуу режиминде (жеке кабинет) маалымат базасына кирүү мүмкүндүгү уюштурулган. Бул ишти камсыз кылуу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын убактылуу пайдалануусуна берилген ноутбуктарды колдонуу пландалган. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматына ноутбуктар шайлоонун жүрүшүндө пайдалануу үчүн кайтарылып берилген. Ага байланыштуу Статистика комитети 2020-жылдын ноябрында парламенттик шайлоо аяктагандан кийин эл жана турак жай фондун каттоону жүргүзүү чечимин кабыл алган”, - деп билдирет Статистика комитети.

Бирок шайлоонун жыйынтыктары таанылбай, алдыда президент, Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп, эл каттоо үчүн ноутбуктар аталган шайлоолор аяктагандан кийин гана бошой тургандыктан эл каттоону 2021-жылга жылдыруу чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий