• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Статистика комитети: Калкты каттоо баштала элек. Жарандардын паспорттук маалыматтары чогултулган жок

Коом 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. "Кабар" агенттигинин редакциясына шаар тургандары "эмнеге үй комитетиндегилер калкты каттоо башталды деп паспорттук маалыматтарды чогултууда?" деген суроо менен кайрылышты.

Ал маалымат боюнча "Кабар" агенттигине Улуттук статистика комитетинен түшүндүрмө беришип, калкты жана турак жай фондун каттоо баштала электигин билдирди. Калкты каттоо башталардын алдында 10 күн мурун ал тууралуу ММК аркылуу маалымат берилет. Азырынча эпидемиологиялык абалга байланыштуу калкты каттоону өткөрүү күндөрү белгилене элек.

"Үй комитетиндегилер туура эмес маалымат берип жатышат. Калкты каттоо үчүн каттоо жүргүзгөндөргө паспорттук маалыматтарды берүүнүн кереги жок жана алдын ала жарандар тууралуу кандайдыр бир маалыматтар чогултулбайт", - деп билдиришти Статистика комитетинен.

Пикир

Оставить комментарий