• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Статистика комитети калкты каттоонун логотибин жасоого сынак жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Улуттук статистика комитети 2020-жылдагы турак фонду жана калкты каттоонун логотибин жасоого сынак жарыялайт. Статистика комитети билдиргендей, жеңүүчүлөргө 50 миң сом сыйлык берилет.

Дизайнерлер адамдын келбетин, турпатын, кыял жөндөмүнө жараша ар түрдүү сүрөттөрдү тартса болот. Бирок, ал сүрөттөр калкты каттоо менен байланышы болуп, улуттук өзгөчөлүктөрдү чагылдырып, жакшы ойлорду жаратышы керек.

Салыктарды кошкондо сыйлык 50 миң сомду түзөт. Сынакка катышууну каалагандар 2018-жылдын 30-декабрына (17:00) чейин эмгектерин кат түрүндө “Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374” же nsc_mail@stat.kg. электрондук дарегине жибериши зарыл.

Сынак тууралуу кошумча маалыматты статистика комитетинин сайтынан алса болот.

Пикир

Оставить комментарий