• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Статистика комитети: шаарларда аялдар, айылдарда эркектер көп

Коом 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын шаарларында эркектерге караганда аялдар көбүрөөк. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ошол эле учурда, айыл жерлеринде эркектер көбүрөөк.

"Шаарларда аял көбүрөөк болуп, алар 52,5%ды түзөт. Ал эми айылдарда эркектер бир аз көбүрөөк - 50,6%", - деп жазылат изилдөөдө.

Белгилей кетсек, ошол эле убакта, аялдардын эркектерден санынын көп болушу 40 жаштарда башталат.

Акыркы эсептөөлөр боюнча, өлкөдө калктын саны 6 млн. 257 миң киши болсо, анын 3 млн. 155 миңин аял киши, 3 млн. 102 миңин эркектер түзөт.

Пикир

Оставить комментарий