• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Статистика комитети: Учурда эл каттоо боюнча иштерди жүргүзүү пландалган жок

Коом 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Учурда эл каттоо боюнча иштерди жүргүзүү пландалган жок. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Статистика комитети билдиргендей, социалдык тармактарда "Бишкекте медицина кызматкерлери үймө-үй кыдырып, калкты каттоо менен алектенүүдө" деген маалымат пайда болгон.

Улуттук статистика комитети учурда эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү боюнча эч кандай иш-чаралар жүргүзүлбөгөндүгүн расмий түрдө билдирет.

"Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомуна ылайык, Улуттук статистика комитети тарабынан эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иштер 2020-жылдын 23-мартынан тартып 1-апрелине чейин өтө тургандыгы маалымдалган. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоо иш-чарасын өткөрүүнүн мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылган", - деп билдирет Статистика комитети.

Так маалымат алуу үчүн (0312) 32-53-36; (0312) 62-56-57 номерлерине, Улуттук статистика комитетине же жакынкы аймактык мамлекеттик статистика органдарына кайрылууга болот.

Пикир

Оставить комментарий