• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Статистика: Кыргызстанда 104 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 7-октябрга карата коронавирус дагы 104 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 69, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 18, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 84 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 451 бейтап, амбулатордук түрдө 690 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 36 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 796 киши айыгып чыкса, 2 миң 614 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий