• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Статистика: Кыргызстанда 84 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 8-октябрга карата коронавирус дагы 84 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 45, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 77 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 440 бейтап, амбулатордук түрдө 703 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 120 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 873 киши айыгып чыкса, 2 миң 616 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий