• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Статистика: Кыргызстанда дагы 43 адамдан COVID-19 жаңы табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 13.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 43 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 20 адамдан, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда – 4, Ош облусунда – 6, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 4, Жалал - Абад облусунда – 2, Баткен облусунда - 2 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 86 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 40, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 3 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында бир жана Чүй облусунда бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 425 бейтап, амбулатордук түрдө 457 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча бир медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Стационардан 1 медик, үй карантининен 3 медкызматкер айыгып чыккан. Пандемия башталгандан бери 4 миң 195 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 117 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 441 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 184 киши айыгып чыкса, 1 миң 441 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий