• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Статистика: Кыргызстанда дагы 56 адамдан COVID-19 аныкталып, үч бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2-декабрга карата коронавирус дагы 56 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 27, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 5 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 72 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 389 бейтап, амбулатордук түрдө 432 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 460 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 404 киши айыгып чыкса, 2 миң 752 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий