• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Статистика: Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 4,6 эсеге төмөндөдү

COVID - 19 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 4,6 эсеге төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт.

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын октябрында COVID-19дун катталган лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган учурларынын саны 2020-жылдын октябрындагы 13 миң учурдан ушул жылдын октябрь айында 2,9 миң учурга чейин азайды.

Октябрда аймактар боюнча калктын коронавирус инфекциясы менен оору-сыркоосу

Нет описания.

Ушул жылдын октябрында коронавирустук инфекциянын катталган учурларынын эң көп үлүшү Бишкек шаарына (51 пайыздан ашыгы), Чүй (26 пайыз) жана Ысык-Көл (12 пайызга жакын) облустарына туура келди.

Үстүбүздөгү жылдын октябрында калктын 100 миңине алганда оорулардын саны өткөн жылдын октябрь айына салыштырганда 4,6 эсеге төмөндөдү.

Октябрда 100 миң калкка карата (COVID-19) коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны

Нет описания.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 996 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 693 киши айыгып чыкса, 2 миң 732 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий