• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Статистика: Өткөн суткада 526 адамдан COVID-19 табылып, 7 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 11-июнга карата коронавирус дагы 526 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жарыяланган.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 232, Ош шаарында – 101, Чүй облусунда – 43, Ош облусунда – 63, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 31, Баткен облусунда – 17 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир сутка ичинде 303 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 176, Ош шаарында – 22, Чүй облусунда – 46, Ош облусунда – 13, Талас облусу – 3, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 23, Жалал-Абад облусунда – 8, Баткен облусунда – 3 адам сакайды", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 921 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 323 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 246 бейтаптын абалы орто оордукта, 568 адамдын абалы оор жана 81 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 834 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 662 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 109 миң 193 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 102 миң 18 киши айыгып чыкса, 1 миң 876 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий