• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Статком: 11 айда өнөр жай продукциясынын көлөмү 312 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын өнөр жай продукциясынын көлөмү 2021-жылдын январь-ноябрь айларында 312 млрд ашык сомду түздү. Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери, коммуникациялар жана статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева брифингде билдиргендей, бул өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 3,4 пайызга жогору.

Анын билдирүүсүндө, буга себеп тазаланган мунайзат өндүрүшүндө (64,7 пайызга), муну менен катар, резина жана желим буюмдарынын, башка металл эмес минерал продуктулар өндүрүшүндө (32,2 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдар өндүрүшүндө, полиграфиялык ишмердикте (28,4 пайызга), пайдалуу кендерди казуу өндүрүшүндө (17,8 пайызга), ошондой эле тамак-аш (анын ичинде суусундуктар) азыктарын жана тамеки өндүрүүдө (15,0 пайызга), көлөмдөрдүн жогорулаганы менен тартылды.

"Курулуш жана айыл чарба тармактарында төмөндөөлөр байкалды, алардын көлөмү курулушта – 4,6 пайызга, айыл чарбасында – 4,0 пайызга төмөндөдү, ушул эле учурда дүң жана чекене соода, жүгүртүүдө тескерисинче, көлөмдүн 10,3 пайызга өсүшү белгиленди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий