• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Статком: 2021-жылдын он айында экономиканын финансы секторунда 609 уюм иш жүргүздү

Экономика 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь-сентябрында экономиканын финансы секторунда 609 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 312 күрөөканалар, 153 микрокредиттик уюмдар, 105 кредиттик бирикмелер, 14 камсыздандыруу компания жана бир адистештирилген финансылык-кредиттик уюм иш жүргүздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

2021-жылдын 9 айында алар тарабынан 46 млрд сомго жакын киреше алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 11,4%га көп. Мында кирешелердин өсүшүнүн 62%зын банк сектору, 17%дан ашыгын - микрокредиттик уюмдар жана 14% ломбарддар камсыздады.

Январь-сентябрда экономиканын финансы секторунун кирешелери

Нет описания.

Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 6,7%га көбөйдү жана 31 млрд сомду түздү.

2021-жылдын январь-сентябрынын жыйынтыгы боюнча экономиканын финансы секторунун ишканалары тарабынан 15 млрд. сомго жакын суммасында сальдолоштурулган пайда алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 23%га көп. Пайданын өсүшүнүн 77% Улуттук банктын кирешесинин өсүүсү менен камсыздалды.

Январь-сентябрда экономиканын финансы секторунун ишканаларынын
ишмердиктеринин көрсөткүчтөрү

Нет описания.

2021-жылдын январь-сентябрында финансы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынын 65%га жакынын түздү, ал эми 17%дан ашык уюмдар чыгым алды.

Пикир

Оставить комментарий