• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Статком: Экономиканын финансы секторунун уюмдарынын пайдасы 1,7 эсеге өстү

Экономика 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын I жарым жылдыгында экономиканын финансы секторунда 602 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 564 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 14 камсыздандыруу компаниясы ишин жүргүздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын январь-июнунда экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 27%га көбөйүү менен 30,5 миллиардга жакын сомду түздү, бул банк секторунун кирешелеринин өсүшү менен камсыз болду. Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 20,2 млрд. сомду түздү жана 13,5%га өстү.

I жарым жылдыгында экономиканын финансы секторунун ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү

Нет описания.

2021-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ишканалардын 63%ы пайда алышты, ал эми 18%ы - чыгаша алды. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 10,3 млрд. сом пайда суммасында түзүлдү, бул 2020-жылдын тийиштүү мезгилине караганда 1,7 эсе көп. Пайданын өсүшү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кирешелеринин көбөйүшү менен шартталган.

2021-жылдын 1-июлуна карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 201,3 млрд. сомду түздү. Банктык секторуна кредиттердин жалпы көлөмүнүн 86,3%ы, банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарынын секторуна - 13,7%ы туура келди. Кредиттөөнүн негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмүнүн 25%ы), айыл чарба (21%ы), керектөө муктаждыктары (14%ы), ипотека (9%ы) жана курулуш (8%ы) болуп саналды.

Пикир

Оставить комментарий