• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Статком: Экспорттук жөнөтүүлөр көбөйүп, импорттук келип түшүүлөр кыскарды

Экономика 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2020-жылдын январь-май айларында 2 125,8 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,7 пайызга төмөндөдү. Бирок ушул эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр 1,2 пайызга көбөйсө, импорттук келип түшүүлөр 31,8 пайызга кыскаргандыгы байкалган.

2020-жылдын январь-май айларында КРнын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 927,4 млн АКШ долларын түзүп, 2019-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 11,9 пайызга азайган.

Ушул эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр - 18,9 пайызга азайган, импорттук келип түшүүлөр - 9,9 пайызга төмөндөдү. Республиканын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (68,4 пайызы) жана Казакстанга (29,6 пайызы) туура келди.

Пикир

Оставить комментарий