• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Статком эл каттоого катышпай калган жарандарды үн катууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Улуттук статистика комитети эл жана турак жай фондун каттоого кандайдыр бир себептерден улам катышпай калган жарандар бар болсо, үн катууга чакырат.

Аталган комитеттен билдиришкендей, Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо аяктады. Бирок айрым жарандар кандайдыр бир себептерден улам дагы деле каттала элек.

“4-апрелден 6-апрелге чейин үч күндүн ичинде республиканын бардык аймагында контролдук айланып өтүү жүргүзүлөт. Анын максаты — кайра каттоодон өткөн тургундардын санын тактоо. Мындай иш-чаралар бизде гана эмес, эл аралык практикада да кабыл алынган. Бул ар кандай себептер боюнча мурда эл каттоодон өтпөгөн тургундарды кайра жазууга мүмкүндүк берет”, - деп айтылат маалыматта.

Улутстаткомдо 1216 номери боюнча "ишеним телефону" ишин улантууда, ага каалаган жаран кайрылып, ал ушул убакка чейин эл каттоого алынбагандыгын билдире алат.

Ошондой эле төмөнкү номерлерге кайрылса болот:
Ленин району 0312 887366, (моб.) 0(220)019034
Октябрь району 0312 576438, (моб.) 0(500)735686;
Биринчи май району -0312 300871, (моб.) 0(552)560707;
Свердлов району-0312 382468, (моб.) 0(700)994892.

Пикир

Оставить комментарий