• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Статком: I жарым жылдыкта чакан насыя алгандар 14%га азайды

Экономика 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында берилген чакан насыянын үчтөн бир бөлүгү (3/1) айыл чарбасына багытталган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар тарабынан 17,7 млрд сом суммасында насыя берилип, алуучулардын саны 329 миң адамды түздү.

Чакан насыя алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 14%га азады, ал эми берилген чакан насыянын көлөмү тескерисинче 10%га көбөйдү.

I жарым жылдыкта калкка чакан насыялардын берилиши

Нет описания.

Чакан насыянын эң көп суммасы Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 22%ы), Бишкек шаарынын (17%дан ашыгы), Жалал-Абад жана Чүй (14%дан) облустарынын алуучуларына берилди.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында берилген чакан насыялардын жалпы көлөмүнүн үчтөн бир бөлүгү (33%ы) - айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө багытталды, 32%ы - керектөөчүлүк муктаждыктарга, 11%ы - соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө, 7,5%ы – курулушка берилди.

2021-жылдын I жарым жылдыгында калкка чакан кредиттердин максаттар боюнча берилиши

(чакан насыялардын жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий