• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Статком: Импорттук келип түшүүлөр жыл башынан бери 32,2 пайызга кыскарды

Экономика 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2020-жылдын январь-июль айларында 2 577,4 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көрсөткүч 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,4 пайызга төмөндөгөн. Ушул эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр 2,4 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр 32,2 пайызга кыскаркандыгы байкалган.

2020-жылдын январь-июнь айларында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 1 054,8 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,3 пайызга азайган.

Ушул эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр - 25 пайызга азайган, импорттук келип түшүүлөр - 15 пайызга төмөндөдү. Республиканын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (67,6 пайызы) жана Казакстанга (30,3 пайызы) туура келди.

Пикир

Оставить комментарий