• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Статком: Көмүрдүн баасы өткөн жылдын декабрындагы деңгээлинде сакталып калды

Экономика 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Көмүрдүн чекене баалары 13-январга карата республика боюнча орточо алганда өткөн жылдын декабрынын денгээлинде сакталуу менен бир тонна үчүн 5 миң 211,8 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Аны менен бирге, минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 миң сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 миң 200 сом), Нарын, Кара-Балта жана Бишкек шаарларында (бир тонна үчүн – 4 миң 500 сом) болгону байкалды. Ошол эле учурда көмүргө карата эң жогорку баалар Ноокат (бир тонна үчүн – 7 миң 697 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 7 миң 426 сом) жана Кара-Суу (бир тонна үчүн – 7 миң сом) шаарларында катталды.

Байкоого алынган айрым калк жашоочу пункттарда көмүргө карата чекене баалардын төмөндөгөнү, мында көбүрөөк Токтогул (бир тонна үчүн – 622,6 сом), Кербен (бир тонна үчүн – 510,5 сом), Талас (бир тонна үчүн – 366,5 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 232,2 сом) шаарларында белгиленди.

Жергиликтүү өндүрүлгөн көмүргө карата бааларды жөнгө салуу максатында министрлер кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы №209 токтому менен көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Көмүрдү төмөндөтүлгөн бааларда сатуу боюнча түйүндөрүнүн Жалал-Абад (тоннасы 4 миң сом), Ноокат (тоннасы 5 миң сом) жана Бишкек (тоннасы 3 миң сом) шаарларында катталганын белгилей кетүүгө болот.

Көрүлгөн чаралардын убактылуу мүнөзүн эске алуу менен жогоруда келтирилген баалар Улутстатком тарабынан орточо бааларды эсептөөлөрдүн жүрүшүндө жыйынтыктарга киргизилбейт.

Көмүргө карата (импорттук жана жергиликтүү өндүрүштө) орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын ар жумалык мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү.

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий