• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Статком: Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын чекене баалары өсүүдө

Экономика 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Күйүүчү-майлоочу майдын чекене баалары өсүп жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча АИ-92 бензинине жана дизель күйүүчү майына жүргүзүлгөн орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторинги жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгы боюнча 8-апрелге карата АИ-92 бензинине болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 47,94 сомду түзгөнүн жана үстүбүздөгү жылдын март айына салыштырмалуу 9,2 пайызга өскөнүн көрсөттү. Ал эми дизель күйүүчү майынын баасы 44,15 сомду түздү же дээрлик 6 пайызга жогорулады.

Муну менен бирге, АИ-92 бензинине чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Баткен (бир литр үчүн 51,22 сом), Исфана (бир литр үчүн 50,91 сом), Кара - Суу жана Ноокат (бир литр үчүн 48,70 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми анын минималдуу баалар Нарын шаарында (бир литр үчүн 46,40 сом), Балыкчы шаарында (бир литр үчүн 46,70 сом) жана Чаек айылында (бир литр үчүн 46,90 сом) катталды.

АИ-92 бензиндин бааларынын эң жогору өсүшү үстүбүздөгү жылдын өткөн айына салыштырмалуу Кара - Балта шаарында - 12,7 пайызга, Каракол шаарында - 11,1 пайызга жана Чаек айылында - 10,8 пайызга өскөнү катталды.

Муну менен катар, дизель күйүүчү майына чекене баалары Исфана (бир литр үчүн 47,83 сом), Баткен (бир литр үчүн 47,60 сом), Кербен (бир литр үчүн 44,75 сом), Кара - Суу (бир литр үчүн 44,70 сом) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору өскөнү белгиленди, ал эми ага карата минималдуу баалар Токмок (бир литр үчүн 42,45 сом), Каракол (бир литр үчүн 42,56 сом) жана Нарын шаарларында (бир литр үчүн 42,60 сом) байкалды.

Дизель күйүүчү майдын бааларынын максималдуу өсүшү өткөн ай менен салыштырмалуу Джалал-Абад - 8,5 пайызга, Балыкчы - 7,9 пайызгы жана Талас - 7,8 пайызга өскөнү катталды.

Пикир

Оставить комментарий