• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Статком: Кыргызстанда көмүрдүн баасы орточо эсеп менен 715 сомго өстү

Экономика 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда көмүрдүн баасы орточо эсеп менен 1,6 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык 2021-жылдын 7-октябрында өткөн жылдын октябрына карата көмүрдүн орточо керектөө баалары республика боюнча орточо эсеп менен алганда бир тонна үчүн 715,8 сомго же 16,1 пайызга өстү.

Муну менен бирге, минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн – 2 500 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн - 4000 сом) Токтогул шаарында (бир тонна үчүн – 4373,2 сом) болгону байкалды. Ошол эле учурда, көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокат (бир тонна үчүн – 8 390,2 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 8 377,7 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 6 500 сом) шаарларында катталды.

Көмүргө карата баалардын бир кыйла өсүшү өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кербен - тоннасы 2 603,1 сомго же 1,7 пайызга, Жалал-Абад - тоннасы 1 652,1 сомго же 34,7 пайызга, Нарын - тоннасы 1000 сомго же 28,6 пайызга жана Баткен шаарларында тоннасы 1 739,6 сомго же 26,2 пайызга өсүшү белгиленди. Бир эле убакта, Талас шаарында анын баасы - тоннасы 61,8 сомго же 1,1 пайызга төмөндөгөн.

Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында
көмүрдүн орточо керектөөчү баалары

(бир тонна, сом)

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий