• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда көмүрдүн баасы өткөн айга салыштырмалуу 8,3 пайызга арзандаган

Экономика 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда көмүрдүн баасы ноябрга салыштырмалуу дээрлик 9 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көмүрдүн чекене баасы 17-декабрга карата ноябрь айына салыштырмалуу орточо эсеп менен алганда бир тоннасы 5 205,5 сомду түзүп, 8,3 пайызга төмөндөдү.

"Бул анынИсфана (бир тонна үчүн – 2 268,9сом), Баткен (бир тонна үчүн – 1 930,1 сом), Ноокат (бир тонна үчүн – 1 755,0 сом) жана Талас (бир тонна үчүн – 1 620,3 сом) шаарларында төмөндөшүнө байланыштуу", - деп айтылат маалыматта.

Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 049,7 сом), Нарын (бир тонна үчүн – 4 500 сом) жана Кара-Балта шаарларында (бир тонна үчүн – 4 500 сом) болгону байкалды. Ошол эле учурда көмүргө жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 7 663,1 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 7 788,7 сом) жана Кербен (бир тонна үчүн – 7 250,6 сом) шаарларында катталды.

2021-жылы көмүрдүн орточо керектөөчү баалары
айрым калк жашоочу пункттарында

(бир тонна, сом)

Ноябрь

17-декабрга

Четтөө:

Өсүү (+), төмөндөө (-)

(2021-ж. 17-декабры 2021-ж.-ноябрына)

Кыргыз Республикасы

5 677,0

5 205,5

-471,6

Каракол ш.

6 334,6

6 325,7

-8,9

Балыкчы ш.

4 049,7

4 049,7

0,0

Кербен ш.

5 999,2

7 250,6

1 251,4

Токтогул ш.

7 395,1

6 488,9

-906,2

Жалал- Абад ш.

7 054,0

6 988,1

-65,9

Чаек а., Жумгал району

3 000,0

3 000,0

0,0

Нарын ш.

4 500,0

4 449,7

-50,3

Исфана ш.

9 117,3

6 848,4

-2 268,9

Баткен ш.

9 718,8

7 788,7

-1 930,1

Кара-Суу ш.

7 000,0

7 000,0

0,0

Ноокат ш.

9 418,1

7 663,1

-1 755,0

Өзген ш.

6 246,7

5 863,6

-383,1

Покровка а., Манас району

5 500,0

5 800,0

300,0

Талас ш.

7 232,7

5 612,5

-1 620,3

Кара-Балта ш.

4 500,0

4 500,0

0,0

Токмок ш.

4 647,6

4 598,9

-48,7

Бишкек ш.

5 039,4

4 500,0

-539,4

Ош ш.

7 165,6

6 763,5

-402,0

Белгилей кетсек, жергиликтүү өндүрүлгөн көмүргө бааларды жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы токтому менен №209 көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген.

Балыкчы (тоннасы 3 200 сом), Жалал-Абад (тоннасы 4 000 сом), Ноокат (тоннасы 5 000 сом) жана Бишкек (тоннасы 3 000 сом) шаарларында арзандатылгын баада көмүр сатуу түйүндөрү катталган. Көрүлгөн чаралардын убактылуу мүнөзүн эске алуу менен, жогоруда көрсөтүлгон баалар Улуттук статистика комитет тарабынан көмүрдүн орточо баасын эсептөөнүн жүрүшүндө жалпы суммага киргизилген эмес.

Эскерте кетсек, көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүргө) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий