• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Статком: Кыргызстанда кылмыштуулуктун саны 31 пайызга өстү

Коом 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде кылмыштардын санынын олуттуу өсүшү катталды, - деп билдирет Улуттук статистика комитети.

Башкы прокуратуранын маалыматтары боюнча, 2021-жылдын январь-апрелинде республиканын аймагында 17,5 миң кылмыш катталган, алардын саны 2020-жылдын январь-апрелине салыштырганда 31%га көбөйгөн, ошондой эле 8 миңден ашык жоруктар (дээрлик 10% көп) катталган. Ошол эле учурда, кылмыштардын басымдуу бөлүгү (алардын жалпы санынын 60%га жакыны) Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган.

Кылмыштардын жалпы санында 2 миңден ашыгы же 11% оор жана өзгөчө оор кылмыштарга туура келген. Бул кылмыштардын негизги бөлүгүн жеке менчикке каршы кылмыштар түзгөн. 2020-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу жалпы республика боюнча алардын саны 42%га, анын ичинде алдамчылык - 1,7 эсеге, уурдоо - 30%, тоноо - 10%га өстү.

Өткөн жылдын январь-апрелине салыштырмалуу жалпы республика боюнча инсанга каршы кылмыштардын саны 23%га көбөйдү. Муну менен бирге, өлтүрүүнүн саны - 21%га, зордуктоо жана зордуктоо максатында кол салуу учурларынын саны - 17%га, ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү – 11%га көбөйдү.

Үстүбүздөгү жылдын 4 айынын ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу 21%га, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же чыгымдоо учурлары - 2,3 эсеге жана паракорлук - 14%га өстү.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштардын саны олуттуу (дээрлик 29%га) көбөйдү. Кылмыштардын эң чоң үлүшү (55%дан ашыгы) баңги заттарды сатып өткөрүү максатында сактоо менен байланышкан жана 43%га жакыны - баңги заттарды сатууну максат кылбастан сактоо менен байланышкан.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кылмыштардын санынын эң көп өсүшү Ысык-Көл облусунда (2,6 эсеге), Ош шаарында жана Нарын облусунда (1,5 эсеге) өсүшү белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде кылмыш жасаган 8 миңге жакын адам аныкталды, бул өткөн жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 22,6%га көп. Алардын жалпы санынын 16,5% - аялдар, 4,7% - жашы жете электер түздү. Кылмыш жасап аныкталган адамдардын санынан 54%га жакыны эч жерде иштеген эмес же окуган эмес.

Пикир

Оставить комментарий