• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Статком: Кыргызстанда сүт өндүрүү 1,9 пайызга көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылы сүт өндүрүү 1,9 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын январь-октябрында республика боюнча 1472,3 миң тонна сүт өндүрүлдү, 27,8 миң тонна же болбосо 1,9 пайызга өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу сүт өндүрүү көбүрөөк болду.

Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалат.

Белгилей кетсек, сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны 19,7 миң башка жана 1 уйдан саалган орточо саан 3,1 кг көбөйүшү менен байланыштуу.

Пикир

Оставить комментарий