• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Статком: Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү 4,1% өскөн

Экономика 0

Бишкек, 11-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2017-жылдын биринчи жарымында 2016-жылга салыштырмалуу Кыргызстанга келген инвестициялардын көлөмү 4,1% өсүп, 43668,2 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оросбаев билдирди.

Анын айтымында, өсүш өндүрүлгөн продукцияны иштетүүчү обьектердин курулушу, электрэнергиясы, көгөлтүр от, суу менен камсыз кылуу, тазалоо, таштандыларды иштетүү, транспорт ишмердүүлүгү, жүктөрдү сактоо, мейманкана, ресторан, байланыш жана маалымат, саламаттык сактоо жана турак жай чарбасынын эсебинен байкалган.

“Ички булактар тарабынан каржыланган инвестициянын көлөмү 0,1% ал эми тышкы каржылоо -17% жеткен”,-деди Азамат Оросбаев.

Ошондой эле, Оросбаев дүңүнөн жана чекене соода сатыктын көлөмү 2017-жылдын 6 айында өткөн жалга салыштырмалуу 4%өскөн.

Пикир

Оставить комментарий