• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Статком: Өлкө боюнча көмүрдүн баасы өсүп жатат

Экономика 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. Кыргызстан боюнча көмүрдүн баасы өсүп жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ведомство атайын кыскача анализ жүргүзгөн. Ага ылайык, ноябрь айынын акыркы үч жумасынын ичинде көмүрдүн орточо чекене баалары октябрь айындагы баага салыштырмалуу тоннасына 140,16 сомго, же 3,1% жогорулады, ал аба ырайынын бузулушуна жана калктын суроо-талабынын өсүшүнө жараша болду.

2019-жылдын 21-ноябрына карата көмүрдүн максималдуу орточо баасы Кара –Суу шаарында (бир тоннасына - 8 485,28 сом), Ноокат шаарында (бир тоннасына - 7 343,00 сом) жана Баткен шаарында (бир тоннасына – 7285,79 сом) болду.

Ушул эле учурда минималдуу чекене баалар өткөн мезгилдегидей эле Чаек айылында (бир тоннасына – 2500 сом), Балыкчыда(бир тоннасына – 3 694,59 сом) жана Нарында (бир тоннасына – 3 741,66 сом) болгону байкалды.

Ноябрь айынын акыркы үч жумасынын ичинде көмүр басымдуу түрдө Токтогулда – тоннасы 921,05 сомго, же 20,5%, Таласта - 925,78 сомго, же 19,8% жана Покровка айылында – 500 сомго же 12,5% кымбаттады. Ушул эле мезгилде айрым калк жашоочу пункттарда: Баткен шаарында бир тоннасы - 714,21 сомго же 8,9% жана Кара-Балта шаарында – 50,32 сомго же 1,3% баалардын төмөндөгөнү байкалды.

Пикир

Оставить комментарий