• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Статком: Микрокредит алган калктын саны өткөн жылга салыштырмалуу 7,6 пайызга өстү

Экономика 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын I кварталында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 6 924,3 млн сом суммасында кредит берилип, алуучулардын саны 143,9 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 7,6 пайызга, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү - 11,4 пайызга көбөйгөн.

Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 1 411,5 млн сому же 20,4 пайызы), Бишкек ш. (1 182,3 млн сом же 17,1 пайыз), Жалал-Абад (1 033,1 млн сом же 14,9 пайыз) жана Чүй облустарынын (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 972,8 млн сому же 14,0 пайызы) алуучуларына берилген.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 35,1 пайызы - айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 26,1 пайызы - керектөөчүлүк муктаждыктарына, 11,7 пайызы соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө багытталды.

Пикир

Оставить комментарий