• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Статком: Сатып алуучулар тарабынан ун, нан азыктарына суроо-талап көп болду

Экономика 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. 2020-жылы жалпы республика боюнча чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 19%га төмөндөө менен 356 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу чектөө чараларынын киргизилиши менен шартталды. Муну менен бирге, чекене соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн кыскарышы республиканын бардык аймактарында белгиленди.

Чекене соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмүнүн 56%нан көбү азык-түлүк товарларына туура келди, аларды сатуунун көлөмү 2020-жылы 200 млрд. сомдон ашты.

Азык-түлүк товарларын сатууда эң чоң (26%дан ашык) үлүшү ун, нан жана нан азыктарына туура келди, 12%дан ашыгы – эт жана эт азыктарына жана 7%дан ашыгы – алкоголь ичимдиктерине туура келди.

2020-жылда азык-түлүк товарларынын негизги түрлөрүнүн сатылышы

Нет описания.

Азык-түлүк эмес товарлардын чекене соода жүгүртүүсүнүн үлүшүнө 44% же 156 млрд. сом туура келди. Мындай товарлардын түзүмүндө сатуулардын эң чоң үлүшүн күйүүчү-майлоочу материалдар (32,6%), курулуш материалдары (14%) жана автоунаалар (8,2%) ээледи. Фармацевтикалык препараттарды сатуунун үлүшү 2,4 эсеге, азык-түлүк эмес товарлардын жалпы көлөмүнүн 2019-жылдагы 3,9%дан 2020-жылы 9,4%га чейин көбөйдү.

Республиканын чекене соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмакты Бишкек шаары (37%га жакынын), Чүй облусу (15%дан көбүн) жана Жалал-Абад облусу (14%дан көбүн) ээледи.

Пикир

Оставить комментарий